Ыйык Куран Мужизасы

Картинки по запросу каран мусульманский

Ыйык Куран  – Мухаммед пайгамбарыбыздын (С.А.В.) Мужизасы

Мужизалар казынасы жана улуу мужиза болгон акылмандуу Куран, Мухаммед (С.А.В)´дын пайгамбарлык тапшырмасын жана Жаратуучунун бирдигин, башка далилдерге муктаждык калтырбай тургандай бекем далилдейт. Биз болсо аны кыскача сүрөттөп, сындоонун предмети болуп калышкан анын чечендик мужизасынын бир-эки жаркыроосун белгилеп кетебиз.

Эмесе, Жаратуучубуздун сүрөттөмөсүн берген Акылмандуу Куран  – ушул улуу китеп болгон ааламдын түбөлүктүү билдирүүчүсү; жана жер менен асман барактарында жашырылган Аллахтын аттарынын казынасынын ачуучусу; жана окуялардын саптарынын астында жашырынган сырдуу акыйкаттардын ачкычы; жана Аллахтын мээримдүүлүгүнүн жана бул айкын дүйнөнүн пардасы артындагы жашырынган дүйнө тарбынан эзелтеден келген баяндардын казынасы; Ислам руханий дүйнөсүнүн күнү, негизи, планы; акыреттин картасы; Аллахтын маңызынын, сапаттары менен амалдарынын айкын түшүндүрмөсү, сүйлөөчү далили, жаркыраган билдирүүчүсү; тарбиячы, чыныгы акылмандуулук,  адамзат үчүн акыйкат жолдун насаатчысы жана көрсөткүчү…

Ошондой эле Куран – Аллахтын акылмандыгынын жана мыйзамдарынын китеби, – дуба жана кулчулуктун китеби, буйруктардын жана чакырыктардын китеби, эскерүү жана таануу китеби, адамдын бүткүл руханий муктаждыктарын канааттандырган китеп, жана бул бардык олуяларга, сыддыктарга, асфияларга жана акыйкатты изденүүчү аалымдарга, алардын ар биринин карманган руханий окууларына жана мектептерине ылайык келген ар түрдүү китептерди сунган бир ыйык китепкана…

Карасаң, кайталаныштарындагы кемчилик өңдөнгөн Курандын кайталанышындагы чечендик мужизасынын жаркыроосуна: Куран зикир (эскерүү) китеби да, дуба китеби да, чакыруу китеби да болгондуктан, андагы кайталануулар мактарлык жана атүгүл өтө зарыл жана өтө чечен болушат жана муну кемчилик деп эсептегендердин пикирлерине дал келишпейт. Анткени, зикирдин өзгөчөлүгү – кайталоонун аркасы менен – көзү ачылуу эсептелет. Дуба кайталоо аркылуу туура айтылууга муктаж. Буйрук менен чакырык болсо – дагы эле кайталоо аркылуу эстөөнү талап кылат. Анын үстүнө, ар ким эле ар дайым Куранды толук окуй албайт, бирок, негизинен, ар ким анын бир сүрөөсүн окуй алат. Ошондуктан, Курандын эң негизги максаттары узун сүрөөлөрдүн көпчүлүгүнө коюлган жана ар бир ушундай сүрөө кандайдыр бир кичинекей Куранды түзөт. Эч кимди куру калтырбаш үчүн Бир кудайдык (тавхид), Кайра тирилүү (хашир) күнү, Мусанын окуясы (ага тынчтык болсун!) сыяктуу кээ бир темалар бир нече жолу эскерилди.

Анын үстүнө, руханий муктаждыктар материалдык муктаждыктар сыяктуу ар түркүн. Кээ бирине адам ар бир дем алуусунда муктаж, денеге – аба, рухка – «хувэ» (Аллах)  керек болгон сыяктуу, кээ бирине – ар бир саат, «Бисмиллях» («Аллах үчүн») сөзү жана башка аяттардын кайталануусу муктаждыктардын улануусунан келип чыкса керек. Анан ушул муктаждыктарды көрсөтүш, аларды ойготуш жана аларга умтулууга кызыктырыш үчүн алар бир канча жолу кайталанат.

Куран – бул негиздөөчү. Ал айкын диндин негизи, бу дүйнөнүн пайдубалы катары адамдардын коомдук жашоосун өзгөртүү менен, коомдун ар катмарынын кайталанган суроолорунун жообу. Негиздөөчүгө өз негиздерин белгилөө үчүн кайталоолор зарыл. Эскерүүлөр үчүн кайталоолор зарыл. Бекемдөө үчүн түшүндүрүү, акыйкатты аныктоо, улантуу зарыл.

Ошондой эле Куран ушундай улуу суроолор жана өтө кылдат акыйкаттарды баян кылганынан, буларды адамдардын жүрөгүндө бекитиш үчүн көп жолку жана ар түркүн кайталоолор зарыл. Бул сырттан гана кайталоо болуп өңдөнөт. Бирок, маани жагынан ар бир аятта көптөгөн маанилер, пайдалар, жактар жана даражалар бар. Ушундай аят ар бир темада ар кандай маанилер, пайдалар жана максаттар үчүн эскерилет.

Куранда эскерилген дүйнөнүн жаралуусунун кээ бир суроолорунун кыскалыгы жана сырдуулугу туура жолго үндөгөн анын чечендик мужизасынын жаркыроосу. Бул кудайсыздар ойлогондой, сындоонун предмети эмес, жана бул кемчилик да болуп эсептелбейт.

Эгер суроочу болсоң: «Кызык, эмне үчүн Акылман Куран макулуктарды сүрөттөбөйт, аны философия сүрөттөгөндөй? Кээ бир суроолор боюнча ал кыска айтат, кээ бирөөнү болсо сырткы, айкын жактан баяндайт жана бул, жөнөкөй адамдардын сезимине тийбестен, ой жүгүртүүсүн талытпастан бардыгынын түшүнүүсүн ырахаттантат».

Жооп катары айтаарыбыз: Философия туура жолдон чыгып калган үчүн… жана сен өткөн сабактардан жана сөздөрдөн албетте түшүндүң, акылман Куран Кудайдын маңызын, Жаратуучунун белгилери менен аттарын тааныш үчүн ааламды баяндаганын. Башкача айтканда, ал ушул аалам китебинин маанилерин анын Жаратуучусу менен тааныштырыш үчүн түшүндүрөт,. Балким ал макулуктарга алардын өзү үчүн эмес, а алардын Жаратуучусу үчүн карайт. Жана баардыгына кайрылат. Жана негизинен окумуштуу адамдарга кайрылат. Балким, акылман Куран  макулуктарды өз далилдери кылгандыктан, далил ар кимге ачык, жеткиликтүү жана түшүнүктүү болушу керек. Мындан сырткары, акыйкат жолуна үгүттөгөн Куран, адамзат коомунун бардык катмарларына кайрылгандыктан (эң көп сандуу катмар болсо окумуштуу болбогон жөнөкөй адамдар), күмөнсүз түрдө, тарбия керексиз нерселердин кыска жана жашыруун баяндалышын, кылдат суроолордун салыштыруу аркылуу түшүнүктүү болушун жана адашкандыкка киргизбеш максатында, (зыян алып келе алган) ачык-айкын нерселерди  зарылчылыгы жок эле жөнөкөй адамдардын көз карашына (буюмдарга) айлантпаш керектигин талап кылат.

Мисалы, Куран күн жөнүндө: «Бул кандайдыр бир айланган чырак». Себеби ал, күндү күндүн өзү жана анын касиеттери үчүн баяндабайт, а ал жөнүндө анын кандайдыр бир түзүм жана ылайыктыктын Жаратуучубузду таанууга мүмкүндүк берген күзгүлөр экендигинин көз карашы жагынан баяндайт. Ооба, ал (36:38): «Күн айланат». Бул «айланат» сөзү менен ал, кыш менен жайдын, күндүз менен түндүн айлампасында көрүнгөн Кудайдын кудуретинин ылайыктуу башкаруучулугун эстетип, Жаратуучусун тааныганга мүмкүндүк берет. Ошентип, бул айлануунун акыйкаты кандай гана болбосун, көрүнүүчү да, дене менен сезилүүчү да, максаты да (айтылгандын) болгон ылайыктыкка таасир этпейт.

Ошондой эле (71:16): «… күндү болсо чырак кылды». «Чырак» сөзү менен ал ааламды кандайдыр бир ак сарай түрүндө көрсөтөт жана бул ак сарайда болгондун бардыгы адамдар жана жандуу макулуктар үчүн даярдалган кооздуктар, даамдар жана керектүү бардык нерселер болуп эсептелгенин жана күндүн да аларга жарык жана жылуулук берген моюн сунуучу кызматкер экендигин эскертүү менен, Жаратуучунун мээримдүүлүгүн жана ырыскыларын түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Эми карагын, бул чаржайыт жана келжирек эмне дегенин:

«Күн – бул заңгыраган оттуу суюк салмак. Ал өзүнөн бөлүнүп чыккан планеталарды өзүнүн айланасында айландырат, салмагы баланча, касиеттери түкүнчө. «Чочутуучу коркунуч менен таңкалычтан башка рух үчүн эч нерсе, эч кандай мыкты маалымат бербейт, ал жөнүндө Куран айткандай айтпайт. Бул мисалдарды салыштырып жатып, сыртынан – шаакн-шөкөттүү, дүңгүрөгөн, ичинен болсо – бош философиялык суроолордун баасын сен түшүнөсүң. Анын сырткы кооздугу менен алданып калып, Курандын мужизалуу баяндоосуна урматсыздык көрсөтпө…

жолу кирилди