«

»

Ноя 29

Бедиуззаман Саид Нурси тууралуу маалымат

      Өзүнүн «Рисале-и нур» чыгармалары менен Ислам дүйнөсүндө жана дүйнөнүн бүткүл жеринде белгилүү болуп, атак-даңкка жеткен, эмгектери шыктануу менен калктын бардык катмарларында окулган Саид Нурси ким? Өмүрүн кайда жана кантип өткөргөн? Идеалдары үчүн кандай куугунтуктарга жана чектөөлөргө дуушар кылынган? Деген суроолордун тегерегинде сөз учугун улайлы.
Эгер Бадиүззамандын өмүрүн жана жазган чыгармаларын дыкат окусаң, анда (Саид Нурси өзү айткандай) «Рисале-и нур» биздин кылымды жана келе жаткан жүз жылдыкты нурданта алган, Курандын мужизасы экени айкын болот. «Рисале-и нур» тууралуу Саид Нурсинин бул сөзү, албетте, кандайдыр бир улуу акыйкаттын туюнтмасы катары эсептелет. Бул жөнүндө ал өзүнүн отузунчу-кыркынчы каттарында жазган. Жана азыр болуп жаткан жана токсонунчу жылдардагы окуялар анын айткандарынын тууралыгын тастыктайт. Азыркы учурубузда «Рисале-и нурду» бүткүл Анатолиянын ар кайсы окуу жайларында окушат. Улам убакыт өткөн сайын Түркияда гана эмес, Ислам дүйнөсүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, Европада жана Америкада да жайылып жаткандыгы. Өзгөчө, аны кызыгуу жана жигердүүлүк менен, окуучулар жана интеллигенция окуп жатат.
Албетте, анын өтө маанилүү жашырылган сырынын бирөөсү төмөндөгүчө: Инсан табияты боюнча ыймансыз (ишенимсиз) жашай албайт жана ыймансыз калып, ушул бойдон жоктукка кеткиси келбейт. Табияты боюнча түбөлүктүү жашоону жана түбөлүктүү бакытты эңсейт жана ага муктаж болгондугун Саид Нурси каттарынын биринде бул оюн белгилейт:
«… Ооба, менин бир туугандарым! Иса (ага тынчтык болсун!) Пайгамбар Инжилде: «Мен силерге жубатуучу келиши үчүн кетип жатам» — дейт, башкача айтканда, Мухаммед(С.А.В.) Пайгамбарыбызды айтып жатат. Бул жерде, Курандын адамзатка болгон эң улуу маңыз, максат жана белек болгондугу эскертилип жатат.
Ооба, инсан ушул өтө коркунучтуу дүйнөдө болуп жаткан бороон-чапкындын, өлүмдүн жана талкалануунун чексиз мейкиндиктеги нерселерге байланышы болгон Куран гана чындап инсанды жубатат жана ага жөлөк-таяк болот. Ушул жубатууга эң көп муктаж болгон азыркы учурда биздин заман эсептелип, бул жубатууну эң ишеничтүү түрдө «Рисале-и нур» далилдеп жана көрсөттү, себеби, ал жаратылышты, башкача айтканда, караңгылыктын жана шек-күмөндүктүн булагы болгон, дүйнөнүн жана башкалардын жаралышын табиятка ыйгарган натуралисттик философияны жарып чыгып акыйкат нуруна кирип барды. «Рисале-и нур» Он алтынчы сөздүн мисалындагыдай, ыйман акыйкаттарынын жүздөгөн сырларын ачып түшүндүрүү аркылуу бизди Аллахты жокко чыгаруудан жана шек-күмөндөрдөн сактады.
«Рисале-и нур» ушул акыйкат үчүн бизди азыркы тажаткан жана өтө коркунучтуу заманда, тескерисинче тажатпастан, көптөгөн акылдуу инсандарды алектендирет… «Рисале-и нурдун» эң жарык өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул анын адамды тажатпагандыгы. Аны жүз жолу окусаң да, жүз биринчисинде кайрадан ырахаттануу менен окусаң болот…»
Бул катта, «Рисале-и нур» ыйман акыйкаттарынын жүздөгөн сырларын ачуу жана ачыктоо менен, акылды таңуулоолордон жана шек-күмөндөрдөн сактап, Башкача Саид Нурси биздин замандагы элге (акылдарынын ынанышын жана далилдердин келтирилишин каалагандарга) танууга эч кандай мүмкүнчүлүк калбагыдай даражада акылмандуу жана логикалык далилдерди көрсөтөт. Автор өзү айткандай, «Рисале-и нур» акыйкаттарды күн сыяктуу ачат жана ачыктайт жана далил катары бүткүл дүйнөнү, бүткүл макулуктарды келтирет.
Мисалы, «Рисале-и нурдун» ичинен «улуу жышаан» китепчеси ушул фактынын бир мисалы.
Ааламдын жаратуучусу Аллахтын барлыгын жана бирлигин жарыялаган Куран баш болгон бардык китептер жана Мухаммед (С.А.В.) баш болгон пайгамбарлар ушул улуу жана эбегейсиз чоң акыйкатты жарыялашкан жана жайышкан. Дин аалымдарынын жана олуялардын Куранга жана башка китептерге болгон миллиондогон тафсирлери бүткүл адамзаттын көңүлүнө ушул акыйкатты, башкача айтканда, Аллахка жана анын бирлигине болгон акыйкат ыйманды сунушташкан. Саид Нурси бул маалыматты жана илхамды Курандан жана Мухаммед(С.А.В.) Пайгамбарыбыздан алуу аркылуу, ушул акыйкаттарды, тагыраак айтканда, Аллахка, кайра тирилүүгө (хашир), аркы дүйнөгө (акырет) ишенүү сыяктуу ыйман негиздерин түшүндүрөт.
«Улуу жышаан китепчесинде», ааламдын элементтерин Жаратуучусу жөнүндө сураган бир саякатчынын жүргүзгөн байкоолору катарында, ал Жаратуучунун бар экендигине ааламда болгон нерселердин бардыгын далил катары көрсөтөт. Асмандын жана жылдыздардын, жердин, өсүмдүктөрдүн жана айбанаттар дүйнөсүнүн жана бүткүл аалам толугу менен өздөрүнүн өзгөчө тилдери менен алардын Жаратуучусу бар экендигин күбөлөндүрүп жана көрсөткөндүгүн Улуу Башкаруучунун барлыгын жана бирлигин ачык жана ынандыра далилдейт. Анан да: «Ким кебелбес ыйман жана ыймансыздыктын (ишенимсиздиктин) анархизимине каршы жеңилгис курал кааласа, «Улуу жышаан» китепчесине кайрылсын»- дейт.
Хашир маселесинде, башкача айтканда, өлүмдөн кийинки кайра тирилүү жана түбөлүктүү бир жашоого ээ болууда да, дагы эле ушул көзгө көрүнгөн материалдык дүйнөнүн жана анда чагылган башкаруучунун аттарын көрсөтүү менен, жана ушул чагылыштар түбөлүктүүлүк дүйнөсүндө да түбөлүктүү болоорун түшүндүрүү менен, бейиш жана тозоктун барлыгын жана түбөлүктүүлүк дүйнөсүнүн пайда болушун далилдөөгө аракет кылат.
Бедиуззаман кудайды тангандарга жана көздөр көргөн нерселерден башка эч нерсеге ишенбегендерге ушул ааламды жана материалдык дүйнөнү Жаратуучунун барлыгына жана бирлигине далил катары көрсөткөнсүйт. Башкаруучуну тангандарга кудум: «силер Аллахты танууга себеп катары көрсөтүп жаткан аалам, дүйнө жана ичиндеги бардык макулуктар, Куран жана Мухаммед (С.А.В.) Пайгамбар сыяктуу эле, өздөрүнүн өзгөчө тилдери менен үзгүлтүксүз Аллахка күбөлүк келтиришет жана ага ишарат кылышат»-деп белгилейт.
Ошентип, ушул кичинекей мисалдан «Рисале-и нур» Курандын бир мужизасы катары биздин кылымды жана келе жаткан жыйырма биринчи кылымды нурдантаарын айтсак болот …
Саид Нурсинин өмүр баянына кайрылганда, ал бүт өмүрүн Ислам кызматына бергендигин, ал үчүн бүткүл кыйынчылыктарды жеңип чыккандыгын жана турмушун жазып чыгыш бир топ оорчулукту түзгөндүгүн белгилесек болот. Ошондуктан биз, анын жашоосундагы окуялардын чындыгынын деңиздин бир тамчысынчалык бөлүгүн баяндап кетүүнү туура көрдүк.
Ал, 1876 — жылы Түркиянын Битлис дубанынын Хизан районунун кичинекей Нурс айылында төрөлгөн. Атасы – Мирза, энеси – Нурия. Жашынан эле Саид Нурси табигый зээндүү болуп көрбөгөндөй эс-тутуму жана чоң кыймылдуулугу менен айырмаланган. Ошондуктан, ал белгилүү бир мектепте эле окубастан, билимди өз мезгилинин көптөгөн шейхтеринен жана дин аалымдарынан, алар менен болгон кыска убакыт баарлашуудан алган.
Бир эки жылдын ичинде ал араб тилинин морфологиясынын жана синтаксисинин негиздерин өздөштүргөн. Башка илимдер боюнча негизги билимди ал Догубаязит айылында Шейх Мехмед Желалиден алган. Бирок баарынан таңкалыштуусу, бул билимдин бардыгын ал үч айдын ичинде өздөштүргөндүгү. Эгер чыгыш Анатолия медресесинин ыкмасы боюнча алсак, буга жыйырма жылдан кем эмес убакыт кетмек. Ар бир китептен бир-эки сабак колдонуу менен, башка сабактарга кайрылбастан, окуусун бүтүргөн. Устаты Мехмет Желалинин эмнеге ушундай кылгандыгын сураганда Саид Нурси:
— Менин мынча китепти окуп үйрөнүүгө күчүм жетпейт. Муну менен бирге, бул китептер – ачкычы сизде болгон бир өзгөчө кутуча болуп эсептелет. Мен да мага бул китептерден керектүүнү үйрөнүү үчүн сизден (мындайча айтканда, китептерде эмне сөз болуп жаткандыгын тшүнүшүм керек) ичинде эмне жашырылгандыгын көрсөтүүңүздү гана суранам – деген. Анткени, анын максаты – медреседеги окутуунун усулуна, көптөгөн эскертүү жана түшүндүрүүлөргө убакытын коротпостон, анын табиятына коюлган реформа жана жаңылануу пикирин киргизүү болгон. Бул кезде ал 13-14 жаштарда эле.
Ал ошол убакытта медреседе окутулган ар кандай китептерден күнүгө өз алдынча эки жүз беттен окуп өздөштүрчү. Ошентип, ал токсон китепти жатка үйрөнгөн. Жаттаган китептерин үч айда бир акылында кайталап турчу. Жаттаган ушул китептери жөнүндө кийинчерээк Саид Нурси: «Аллахка шүгүр! Бул билимдер мага Курандын чыныгы маңызын жана сырын түшүнүүгө жардам берди. Мен Курандын ар бир аяты бүт ааламды камтыганын түшүндүм. Кийинчерээк Куран билим булагы катары мага жете баштады жана мен экинчи эч кандай башка булакка кайрылган жокмун» — деп айтчу.
16 жаш чагында Ван шаарында жашап турганда, өз алдынча математика, тарых, география, физика, биология жана башка илимдерди окуган. Ошол эле учурда периодикалык басылманы да окуп, Ислам дүйнөсүндө эмне болуп жатканын даана элестеткен…
Бир күнү Ван шаарынын жетекчилигинин башчысы ага Улуу Британиянын колониалдык ээликтери боюнча министр Гладистондун гезитке чыккан коркунучтуу макаласын көрсөтүп:«…ушул Куран мусулмандардын колунда турганда, биз алардын үстүнөн чыныгы кожоюн боло албайбыз. Аны же жок кылыш керек, же мусулмандарды Куранга душман кылыш керек”-деген. Буга Саид Нурси- Куран эч качан өчпөгөн нурдун булагы экенин айтып жооп берип мындан кийин Куранды ачыктоо жана анын акыйкаттарын жаюу көйгөйү менен алектенээрин айтты.
Жогоруда айтылган макаладан көп өтпөй, атактуу Египеттик «Аль-азхар» университети сыяктуу жана «Медресет-уз-зехра» деп атала турган жана анда окуучулары Курандын адилеттүүлүгүн жана акыйкаттыгын бүткүл адамзатка илимий жана идеялык жактан көрсөтө жана жая турган Ислам университетин күн чыгыш тарапта ачуу ою жана максаты пайда болду. Ошентип, ал ушул ой менен 1907 — жылы Истанбулга келип, мейманканага жайгашат. Бул жерде ал бардык аалымдарды талкууга чакырат. Эшигинде төмөндөгүдөй жазуусу бар такта илинип турчу:«Бул жерде бардык маселелер чечилет, бардык суроолорго жооп берилет, бирок суроо берилбейт».
Кыска убакытта Бадиүззамандын атагы бүткүл Истанбулга тарайт. Ал Истанбул талкууларына көптөгөн аалымдар жана илимдүү адамдар менен катыша баштайт жана алар күмөнсүз түрдө Саид Нурсини таанышып, чындыгында эле ал –«Бедиуззаман» экенин, мындайча айтканда, «заманыбыздын таңкалыштуу, теңдешсиз адамы» экенин түшүнүшөт. Бедиуззамандын максаты аалымдардын көңүлүн мамлекеттин чыгышында билимдин жогорку даражасынын маанисин түшүндүрүү жана ал жерде Ислам университетин негиздөө пикирине буруу болгон. Максатын түшүндүргөн эң узун өтүнүчүн ал арачы аркылуу Султан Абдулхамидке тапшырган.
Ван шаарына келип, уруу-урууну кыдырып, аларды коомдук жана илимий билимдер аркылуу агартканга далалат кыла башайт. Кийинчерээк суроо-жооп иретинде болгон урууларга берген ушул сабактары «талкуулар» «Мünazarat» аталышындагы китепке чыгарылат. Бул китептин башында: «Ислам күн сыяктуу, үйлөө менен өчпөйт; күндүз сыяктуу, көз жумуу менен түнөрбөйт. Көзүн жумган өзүнө гана түн кылат…»,-деп жазылган.
Андан кийин ал Дамаскка барып, бул жерде жергиликтүү аалымдардын талабы менен омевия мечитинде ондогон миң адамдардын алдында Ислам дүйнөсүнүн ооруларын жана аларды айыктыруу усулдарын түшүндүргөн кутба окуйт. Кийинчерээк, бул кутба «Дамаск кутбасы» деген аталыш менен китеп болуп чыгат. Саид Нурси ал китептеринде («Талкуулар» жана «Дамаск кутбасы») Исламдын келечекте өнүгүп гүлдөшүтууралуу баяндайт.
Саид Нурси Ванга кайтып келип, медреседе сабагын кайрадан бере баштаганда биринчи дүйнөлүк согуш башталат. Ал окуучулары менен ыктыярдуу түрдө чыгыш фронтуна жөнөп жана ал жерде тайманбас жанкечүү менен эрдик көрсөтөт. Ал Эрзурум фронтунун Ван, Битлис жана Муш аймактарындагы салгылашууларга катышат. Битлис багынгандан кийин ал туткунга түшүп калып, эки жыл бою Россиянын түндүгүндөгү Кострома губерниясында болот. Жергиликтүү татар жамааты кепилдик менен, аны кичине мечитине алып, ал жерде Саид Нурси күндөрүн жана түндөрүн өткөрөт. Кийин жалгыз качып чыгып, Петербург жана Варшава аркылуу Вена жолу менен Истанбулга келет. Бул жерде ал эки жыл диний суроолор боюнча башкармалыктын мүчөсү болуп иштейт. Ушул учурда ал араб жана түрк тилдериндеги китептерин чыгарат. Кийинчерээк, араб тилинде жазылган ушул китептери «Араб месневи-и нуриеси» деген ат менен жарыкка чыгат.
Англиялыктар 1919 — жылы Истанбулду басып алгандан кийин Саид Нурси англиялыктарды, алардын саясатынын жана үгүттөрүнүн айыбын ачкан бир нече беттен турган китепче чыгарат. Эрдикке жаткан ушул иши үчүн жаңы өкмөт аны борбор Анкарага чакырат. Парламентте сүйлөгөндөн кийин ал Аллахка ишенүү жана беш убакыт намаз тууралуу барактарды таратат. Бул тууралуу Мустафа Кемал (Ататурк) терең нааразычылыгын билдирет. Президенттин нааразычылыгына каршы Саид Нурси: «Ааламдагы эң чоң акыйкат – бул ыйман, ыймандан кийин намаз…» — деп жооп кайтарган.
Жаңы өкмөттүн жетекчилиги менен өз ара түшүнүшө албай, ал Ванга кайтып келет да коомдук жашоодон айрылып, бир тоонун бооруна жайгашат. Ошол мезгилдеги Түркиянын чыгышында болуп жаткан толкундоолордун айынан, аны өлкөнүн чыгышындагы Барла (Испарта дубанына кирет) айылына сүргүндөшөт. Ушул жерде ал «Рисале-и нур» китептерин жаза баштайт. Барла сүргүнүндө өткөрүлгөн сегиз жыл ичинде ал «Сөздөр», «Каттар», «Чагылуулар» (Он үчүнчү чагылууга чейин) сыяктуу бир канча китептерди жазып, калган жыйырма алтынчыга чейинки Чагылуулар Испартада жазылат. 1935 — жылы ал жүз жыйырма окуучусу менен камакка алынып, Эскишехир шаарынын кылмыш иштер боюнча сотуна жөнөтүлөт. Бул шаардын түрмөсүндө «Жыйырма жетинчиден отузунчуга чейинки чагылуулар» жана «Экинчи шоола» жазылат. Бир жыл камактан отургандан кийин ал кайрадан Кастамонуга сүргүндөлүп, жана ал жерде полициянын үзгүлтүксүз көзөмөлү астында сегиз жыл жашайт.
Кастамонуда сүргүнүндө жүргөн кезинде «Үчүнчү шооладан» «Тогузунчу шоолага» чейин жазат. «Жетинчи шоола» – бул «Улуу жышаан» («Аүet-ülkübra»). Саид Нурси Кастамонуда жашап турганда «Рисале-и нур» бул аймакта да жайылат.
Кастамонудагы сегиз жыл сүргүндөн кийин ал жетимиш окуучусу менен Анкара жана Испарта аркылуу Денизли шаарына жөнөтүлөт. Бул жердеги он ай камактан кийин ал акталып бошотулуп. «Рисале-и нур» китептери ага толук кайтарылып берилет. Акталгандан кийин эки ай Денизлиде болуп, андан кийин Афйон дубанынын Эмирдаг айылына сүргүндөлөт. Бул айылдагы төрт жылдык сүргүндөн кийин 1948 — жылдын башында кайрадан алтымыш окуучусу менен сотко жиберилип, кайрадан Афйон түрмөсүнө отургузулат. Ал жерде жыйырма ай камакта болуп, акыры 1949 — жылдын 20 — сентябырында бошотулуп, Афйондо эки ай болуп,Эмирдагга кетет.
Качан 1950-жылдын 14-майында өлкөнүн башчылыгына жаңы, демократиялык өкмөт келгенде гана да Саид Нурси кайсы бир деңгээлде эркиндикке жетет. Истанбулда 1952-жылы анын «Жаштар жол башчысы» («Gençlik rehberi») китеби чыкканда ал ошол үчүн ага кылмыш иши козголуп, соттук процесстердин соңунда ал акталат.
Истанбулда анын чыгармачылыгына болгон чоң кызыгууларды жолуктурат. Айрыкча, анын китептерин Истанбул жана Анкара университеттеринин окуучулары чоң кызыгуу менен кабыл алышат. Окуучу жаштардын анын китептерине болгон чоң кызыгууларынын себеби «Рисале-и нур» китептериндеги ыйман түркүктөрүнүн (мисалы, Аллахка, аркы дүйнө – акыретке жана башкаларга ишенүү) акылга жана логикага негизделген далилдер аркылуу далилденгендиги, жана автордун ааламдан жана материалдык дүйнөдөн мисал келтирип далилдөөгө далаалат кылгандыгы болот. Анын себеби, ошол учурга чейин мындай китептердин жазылбагандыгы. Анткени салттуу түрдө укумдан тукумга берилип келген далилдердин жардамы менен, аны ыйман жана Куран акыйкаттарын далилдөө аркылуу сабак берип, жана биздин заманда атом бомбасы сыяктуу Курандын колундагы “Алмаз кылыч” сыяктуу логикалык критерийлердин жардамы менен бул акыйкаттарды китептеринде Бедиуззаман салт менен акылды бириктирген.
Ошентип, өмүрү дайыма полициянын көзөмөлүндө өткөн Саид Нурси, кайда болсун – сүргүндөбү же түрмөдөбү, бардык жерде Куран акыйкаттарын таратып жайып жана «Рисале-и нур» китептеринин үстүнөн тырышып, тынымсыз иштеген. Ал жашаган жерлерде анын көптөгөн достору жана окуучулары пайда болуп, «Рисале-и нур» китептерин жайылтышкан.
Анын Афйон түрмөсүндөгү камагына чейин 1947-жылдан баштап «Рисале-и нур» китептерин Испарта жана Инеболуда көбөйтүүчү аспап аркылуу жая башташат.
Диний иштер боюнча башкармалыкта чакырылган комиссия «Рисале-и нур» жыйнагынын ар бир китебин кылдат изилдеп чыгып, бул китептер Куран аяттарынын пайдалуу ачыктоолору экендигин далилдеген корутундуга келишет. Ушундан кийин 1956 — жылы Афйон соту аны актоо өкүмүн чыгарып, «Рисале-и нур» китептеринин бардыгы авторго кайтарылып берилет.
Көп өтпөй, Саид Нурсинин уруксаты менен Истанбул менен Анкаранын окуучуларынын жана диний иштер боюнча башкармалыктын аалымдарынын биргелешкен ишмердигинин натыйжасында, басылмаларда «Рисале-и нур» китептери жаңы тамгалар менен, башкача айтканда, латын тамгалар менен басыла баштап, ал өтө тез ылдамдыкта бүткүл Түркияга жайылат.
Саид Нурси өмүрүнүн акыркы жылдарын Испарта шаарында ага жардам берген жана кызмат кылган окуучуларынын арасында өткөргөн. Истанбулда жана Анкарада басылган «Рисале-и нур» китептеринин бардыгы ага жөнөтүлүп, окуучулары аларды окуп, Саид Нурси аларды араб тилинде жазылган асыл кол жазмалар менен салыштырып текшерип, китептери редакциялануу менен басууга жөнөтүлгөн.
Тилекке каршы, ошол кезде дагы Саид Нурсиге кылмыш иштери козголот. Бирок ыйман душмандары өздөрүнүн сүргүндөрү, түрмөлөрү жана кылмыш иш соттору менен «Рисале-и нурдун» нурдуу акыйкаттарын өчүрө алышкан жок. Тескерисинче, ушул кыйын жылдары «Рисале-и нур» окуучуларынын саны өсүп, жана алар ушул нурдуу акыйкаттардын нурун жайылтуу үчүн жигердүүлүк көрсөтүшүп, олуттуу эмгектенишкен. Алар Аллахтын жардамы менен «Рисале-и нур» китептери да, анын окуучулары да акталган.
Саид Нурси өмүрүнүн акыркы жылында (1959) Анкарада жана Истанбулда болуп, ал жерде жашап, «Рисале-и нурду» жайган окуучуларына (Нуржулар) чындыкка алып баруучу оң ишмердикти («мүсбет харекет») осуят кылган. Ал оң ишмердик – бул Аллахтын буйркутарына ылайык келген бузгуч жана кол салгыч болбогон, бирок өнүктүрүүчү жана калыбына келтирүүчү жана адилеттүүлүктүн жана мээримдүүлүктүн принциптерине жооп берүүчү ишмердүүлүктү тааныган. Бедиуззамандын, ыйманга кызмат кылуунун эң сонун жана таасирдүү принциптерин камтыган ушул акыркы осуят каты –Куран жолунда кызмат кылгандарга жакшы өрнөк болуп эсептелет:
«Менин кымбаттуу биртуугандарым!
Биздин милдет – терс эмес, оң ишмердикти жүргүзүү; жана Аллахтын эркине ылайык, анын ишине киришпестен, ыйманга гана кызмат кылуу. Натыйжада, коомдук макулдук сакталган ыйман жолундагы оң кызматта бизге туш келген ар кандай кыйынчылыктарды сабырдуулук жана ыраазычылык менен тосуу.
Өзүмдү мисалга алып, илгертен эле зомбулук жана басынтуу менен келишпегенимди айтып кетем. Турмушумда зомбулукка чыдабагандыгым, көптөгөн окуялардын мисалында түшүнүктүү болот. Бирок өмүр бою оң ишмердикти аткарып, терс ишмердикти аткарбоо үчүн жана Аллахтын ишине кийлигишпеш үчүн, тагдырдын мага кылган бардык мамилелерине толук баш ийгендик жана сабырдуулук менен жооп кылдым. Жиржис олуя (ага тынчтык болсун!) жана Бадр менен Ухуд салгылашууларында кыйынчылык тарткандар сыяктуу, адамдарды тагдырга сабыр кылып баш ийүүлөрү менен жолуктурдум.
Атүгүл, мисалы, сотто мен анын сексен бир катасын далилдеп берген жана бизге каршы жаңылыш ойлору менен айыптоо өкүмүн чыгарган прокурорду каргаган жокмун. Себеби, биздин заманыбыздагы эң негизги маселе–ахлактык жана руханий бузулууга каршы туруу жана анын жардамы аркылуу бардык күч менен өлкөдөгү ынтымакты сактоого жардам берүү.
Ооба, биздин жолдо күч бар, бирок бул күч коомдук ынтымакты колдоого арналган.
Кайсы бир кылмышкер үчүн анын бир тууганы, үй-бүлөсү же балдары жоопкер эмес. Мына ушул үчүн мен өмүр бою бүткүл күчүм менен коомдук ынтымакты колдоого умтулдум. Бул күч өлкөнүн ичинде эмес, тышкы чабуулдарга каршы гана колдонула алат. Жогоруда эскерилген аяттын эрежеси боюнча биздин эң чоң парз – бардык күчүбүз менен өлкөнүн ичинде тынчтыкты сактоого жардам көрсөтүү. Ошондуктан, Ислам дүйнөсүндө ынтымак бузган жарандык согуштар чанда эле чыккан, чыкса да тараптардын ортосунда ижтихад* маселелериндеги кайсы бир айырмалыктар боюнча чыккан. Жана руханий күрөштүн эң негизги шарты болуп Аллахтын ишине кийлигишпөө эсептелет: «Биздин милдет–кызмат кылуу, натыйжа болсо – Аллахтын иши. Биз болсо өз милдетибизди аткарууга милдеттүүбүз».
Мен да Жалаледдин Хорезмшах сыяктуу: «Менин милдетим – ыйманга кызмат кылуу, кызматыма ийгилик бериш бербеш болсо – Улук Аллахтын иши» — деп айтуум менен, бардык иштерде Аллахтын ыраазылыгы үчүн аракет кылууга Курандан насаат алдым…».
«…мурунку кездерде мен жалгыз башыма ушунча каршылаштарыма каршы турганыма жана ынтаамды кенедей да жоготпогонума жана ыйманга кызмат кылууда ийгиликке жеткениме карабай, азыр болсо миллиондогон «Рисале-и нур» окуучулары болсо да, мен дагы эле оң ишмердик жүргүзүп жатам жана бардык кемсинтүүлөр менен кысымдарга чыдап жатам.
Биз бул дүйнөнүн камын көрбөйбүз. Ага кайрылган күндө дагы, ага жардам берүүгө аракеттенебиз. Биз коомдук ынтымакты сактоого оң жактан жардам беребиз…»
«…Азыркы учурда толук ыймансыздык өзгөчө бир тозокту жаюуга умтулуп жатканы үчүн, бир да ыймансыз (ишенимсиз) ага жакындабашы зарыл. Курандын эмне үчүн «ааламдарга мээрим» экендигинин бир сыры төмөндөгүдө жатат: кандайча ал, мусулмандар үчүн мээрим болуп эсептелсе, ошондой эле, аркы дүйнөнүн (акыреттин) жана Улук Аллахтын барлыгына мүмкүндүк берүү менен, ал ыймансыздар жана бүткүл адамзат үчүн да, аларды бул дүйнөдөгү өзгөчө бир тозоктон кайсы бир деңгээлде сактаган үчүн, мээрим болуп эсептелгенин көргөзөт. Бул арада, азыр кээ бир адашкан окумуштуулар жана философтор, тагыраак айтканда, Куранга баш ийбегендер, туура жолдон четтегендер жана ага каршы чыккандар, коммунисттердин усулу менен толук кудайсыздыкты жая башташты. Ушундан улам, азыркы жашоо ыймансыз боло албайт.
«Эл ыймансыз жашай албайт» деген сөздөр ушул жагдайды көрсөтөт. Чын эле, толук ыймансыздыкта жашаш мүмкүн эмес. Ошондуктан, акылмандуу Куран биздин заманда «Рисале-и нур» окуучуларынын кудайсыздыкка жана анархизмге каршы туруулары үчүн, аларга өзгөчөлөнгөн бир мужизасы катары билимин берди. Алар да каршы туруп жатышат. Ооба, Кытайга, Европанын жарымына жана Балкандарга жайылган ушул пикирлерден сактаган нерсе – ушул кысымга жол бербөө менен ушул коркунучтан куткарган усулду тапкан акылмандуу Курандын ушул сабагы эсептелет.
Демек, мусулман башка диндин жолдоочусу, же болбосо христиан же жөөт жана айрыкча, коммунист болушу мүмкүн эмес. Себеп дегенде, эгер бир христиан мусулман болсо, ал иса (А.С.) ’ды ого бетер жакшы көрөт. Эгерде бир жөөт мусулман болсо, Муса (А.С.)’ды ого бетер жакшы көрөт. Бирок, бир мусулман Мухаммед(С.А.В.)’дын динин таштаса, ал экинчи эч бир динди кабыл албай анархист болот, анын рухунда анын өнүгүүсү үчүн эч бир таяныч калбайт. Анын абийири бузулат да, ал коомдун турмушуна уу болот…
Биздин заманда толук ыймансыздык (атеизм) Куранга каршы чыгып жаткан соң, толук ыймансыздыкта тозоктон башка, андан да өткөн азаптуу тозок бул дүйнөдө да жашырылган. Себеби, өлүм болбой койбойт. Күнүнө көргө кеткен отуз миң киши өлүмдүн бар экенин күбөлөндүрөт. Ушул өлүм толук ыймансыздыкка түшкөндөрдү тозок азабынан да коркунучтуураак кыйнайт, анткени алар өлүмдү, аларды жана алардын жакындарын түбөлүк жок кыла турган өлтүрүү деп эсептешет.
Демек, алар өздөрүнүн ыймансыдыктарынын айынан, өздөрүнүн жүрөктөрүндө тозок азаптарын сезип жатышса керек. Ар бир адам жакындарынын кубанычын көрсө кубанып, кайгысын көрсө кайгырат. Ошондуктан, Аллахты жокко чыгаргандардын бакыты алардын көз карашынын айынан талкаланып жатат жана анын ордуна азаптар келип жатат. Эми мына биздин заманда, бул дүйнөдө, адамдардын жүрөгүн ушул руханий тозоктон арылткан жападан жалгыз бир чара бар, бул чара –Акылмандуу Куран жана анын руханий мужизасы болгон жана азыркы биздин заманыбыздагы түшүнүктөргө ылайык келген «Рисале-и нур» китептери болуп эсептелет…»
Исламдын күчтөнүшүн каалабаган ыйман душмандары дайыма Саид Нурсиге жана анын окуучуларына болгон өздөрүнүн негизсиз кооптонууларын бийликтегилерге билдиришип, натыйжада, анын күнү-түнү полициянын көзөмөлүндө болгон Испартадагы жана Эмирдаг айылында калуу мөөнөттөрү кайрадан узартылган.
1960 – жылдын мартында, Рамазан айынын куттуу жарымын Саид Нурси окуучулары менен бирге Испартада өткөргөн. Бул жерде ал катуу ооруп калгандыктан да анын суранычы боюнча, окуучулары аны Урфа шаарына жеткиришкен. Жолдо оор абалда, көп жолу: «Кабатырланбагыла, кабатырланбагыла! Мен беш комитетти талкаладым…» деп кайталап жатты. Бул сөздөр, анын «Рисале-и нурдун» жардамы менен биздин замандын түшүнүктөрүнө жана рухуна ылайык болгон Курандын «Рисале-и нур» тафсиринин жардамы менен ыйман душмандарынын атеисттик пикирлерин талкалаганын билдирет.
Бедиуззаман Саид Нурси бул убактылуу дүйнө менен 1960 – жылдын 23 – март
*ижтихад – Куран аяттарынын жана Мухаммед (С.А.В.) Пайгамбарыбыздын хадистеринин диний-укуктук маселелердин көз карашы жагынан ачыктоосу.
Анын өлүмүнөн кийин «Рисале-и нур» жыйнагы бүткүл өлкө боюнча мурункудан бетер жайылып тамыр ала баштайт. Ыймандарын сакташ үчүн анын чыгармаларын окуган миллиондогон жолдоочулары Түркияда, жана ушундай эле, чет өлкөлөрдө пайда болду. Бедиуззаман айтчу: «Рисале-и нур» Курандын колундагы өзгөчөлөнгөн алмаз кылыч болуу менен, жана аларга каршы өзгөчөлөнгөн руханий атом бомбасынын касиетине ээ болуп туруп, ыймансыздык жана атеизм агымдарына каршы турат» — деп.
Азыркы күндө, «Рисале-и нур» бүткүл Түркия боюнча шаарлар менен айылдарда жайылды. «Рисале-и нурдун» жардамы менен орто мектептердин, лицейлердин жана университеттердин окуучуларына акылга жана логикага негизделген ыйман, Аллах жана Куран тууралуу сабактар берилген көптөгөн окуу жайлар ачылды. Европада жана Америкада, араб дүйнөсүнүн мамлекеттеринде, Орто Азияда жана Малайзияда, Индонезияда, Австралияда жана башка мамлекеттерде «Рисале-и нур» китептери түрк, англис, араб жана башка тилдерде окутулган медреселер ачылып, «Рисале-и нур» китептери дүйнөнүн жыйырма бештен ашык тилдерине которулду.
Бедиуззамандын «Рисале-и нур» окуусунда көптөгөн насааттар бар. Китептеринин биринде: «…азыр мен татыктуу болбосом да, мага илгертен эле ыйгарылган «Бедиуззаман» наамы (арабчадан которгондо «заманынын теңдешсизи» — жакын.котор.) мага таандык болбогонун жана албетте, ал, «Рисале-и нурдун» өзгөчөлөнгөн бир аты экенин түшүндүм». Бул наам анын билдирүүсүнө убактылуу берилген. Азыр болсо ушул убактылуу наам анын чыныгы ээсине кайтарылып берилди…»
«Мени көргүсү келген кымбаттуу бир туугандарыма билдирем: эл менен зарылдыгы жок эле жолугушууга алым калган жок. Ошондуктан, менин уулануумдун, күчсүздүгүмдүн, алсыздыгымдын жана оорумдун кесепеттеринен улам, көп сүйлөй албайм. Мунун ордуна, силерге ишендире билдирем: «Рисале-и нурдун» ар бир китеби –Саид. Кайсынысын окусаңар да, мени менен жолугушуудан он эсе көп пайда табасыңар… Мен төмөндөгү чечимди кабыл алдым: мени менен Аллах ыраазылыгы үчүн көрүшкүсү келип, бирок көрүшө албагандарды, көрүшө албагандары үчүн өзүмдүн дубама кошом…»

жолу кирилди